
.
23–25-октябрь күндөрү Бишкектеги Т. Усубалиев атындагы аянтта өткөн «АгроТехЭкспо – 2026» айыл чарба көргөзмөсүнө жана «Алтын күз» азык-түлүк жарманкесине 50 миңден ашуун адам катышты.
Жарманкеге өлкөнүн 40 районунан 300гө жакын дыйкан-фермер жана 100гө жакын кайра иштетүүчү ишкана катышып, өздөрү өндүргөн азык-түлүктөрдү социалдык баада сатышты.
Үч күн ичинде 29 тонна органикалык азык-түлүк сатылды. Мындан тышкары, уйдун сөөктүү этинин килограммы 680 сомдон сатылып, жалпы 6 тонна эт керектөөчүлөргө өткөрүлдү.
Асыл тукум мал чарбасынын көргөзмөсүнө 28 чарба катышып, 12 жылкы, 35 ири мүйүздүү мал жана 106 кой-эчки алып келинди. Алардын арасында кыргыз жылкылары, таза кандуу англис мингич жылкылары, голштино-фриз, абердин-ангус жана швиц породасындагы уйлар, ошондой эле арашан, ала-тоо жана кыргыз тоо мериносу породасындагы койлор болду. Ак-топоз да келгендердин кызыгуусун жаратты.
Иш-чаранын алкагында заманбап айыл чарба технологиялары да көрсөтүлдү. Атап айтканда, дыйкандар үчүн иштелип чыккан iDyikan санарип платформасы тааныштырылып, 700 адамга консультация берилди. Анын жыйынтыгында 300 дыйкан-фермер тиркемеге катталды.
Ошондой эле жайыттардын абалын көзөмөлдөөчү мультиспектралдык дрондор, жасалма жаан-чачын чакырууда колдонулуучу технологиялар, сууну эсептеп бөлүштүрүүчү жабдуулар жана жасалма мөңгү түзүү боюнча чечимдер көрсөтүлдү. Мындан тышкары, инвитро лабораторияда өстүрүлгөн өсүмдүктөр жана мал менен балыктын вирустук ооруларын аныктоочу каражаттар сунушталды.
Көргөзмөгө айыл чарба техникаларынын 17ден ашуун түрү коюлду. Алардын арасында спутниктик маалыматтар аркылуу башкарылган навигациялык автопилоту бар тракторлор, талааларды дрон менен иштетүүчү жабдуулар, тамчылатып сугаруу системалары жана күн энергиясы менен иштеген технологиялар бар.
Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, көргөзмө жана жарманке дыйкандарга продукцияларын сатууга, ишкерлерге жаңы кардарларды табууга жана айыл чарбасындагы заманбап технологиялар менен таанышууга мүмкүнчүлүк түздү.







