
.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев «Бишкекжылуулукэнерго» ишканасына караштуу жаңы отканаларды ишке киргизди.
Маалыматка ылайык, 10-кичи райондогу отканага жалпы кубаттуулугу 25 МВт болгон үч газ казаны орнотулду. Ушундай эле жабдуулар Энергетиктер шаарчасындагы отканага да коюлду. Эки объект 7 миң 300дөн ашуун абонентти жылуулук менен камсыздайт.
Мындан тышкары, «Жал» конушундагы «Ротор» отканасына кубаттуулугу 20 МВт болгон эки жаңы газ казаны орнотулду. Мурдагы жабдуулар дээрлик 40 жылдан бери иштеп келген.
Ошондой эле 16 объекттеги жылуулук насосторунун ишин аралыктан көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берген бирдиктүү система ишке киргизилди. Бул система көмүр менен электр энергиясын үнөмдөөгө жана зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын азайтууга багытталган.
Мэриянын маалыматына караганда, жаңы жабдууларды ишке киргизүү шаар тургундарын жылуулук жана ысык суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо иштеринин алкагында жүргүзүлдү.