
.
Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Каду айылына чейинки автожолду оңдоо жана асфальттоо иштери уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда жолдун 8-чакырымынан 29-чакырымына чейинки 21 чакырым аралыгында иштер жүрүп жатат. Анын 16 чакырымында асфальттын экинчи катмарын төшөө иштери аяктоо алдында турат. Калган 5 чакырым тилкеде жер жумуштары аткарылууда.
Оңдоо иштеринин алкагында жолдун эски асфальты толугу менен сыйрылып, негизин тегиздөө жана түздөө иштери жүргүзүлгөн. Учурда асфальт төшөө менен катар жол жээктерин иретке келтирүү жана жашылдандыруу иштери да аткарылууда.
Министрлик өлкө аймактарындагы жол инфраструктурасын жакшыртуу жана автожолдордун абалын оңдоо иштери улантылып жатканын белгиледи.