
.
Кыргызстанга тыюу салынган психотроптук заттарды мыйзамсыз алып келүү менен алектенген ири каналдын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, атайын кызматтын ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө психотроптук заттарды камтыган таблеткаларды сатуу учурунда үч адам кармалган. Алардын арасында жеткирүүчү, фармацевт жана мыйзамсыз каналдын уюштуруучусу бар.
Кармалгандар сатууга аракет кылган таблеткалар «Лирика» (Magnus PREGALAX 300) жана эл арасында «Тропикамид» деген аталыштар менен белгилүү.
Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо максатында тергөө жана ыкчам иш-чаралар улантылууда.
УКМК кармалгандарга карата көрүлгөн чаралар жана иштин башка жагдайлары тууралуу кошумча маалымат бере элек.