
.
21-октябрдан тартып Бишкек шаарында №31 жаңы автобус каттамы жүргүнчүлөрдү ташый баштайт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, каттам Ак-Жар конушунан Ибраимов көчөсүнө чейин жүрөт. Жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн күн сайын 7-8 автобус тартылат.
Муниципалитет жаңы каттам шаар тургундарынын коомдук транспортко жеткиликтүүлүгүн жакшыртып, шаар ичинде жүрүүнү ыңгайлуу кылууга багытталганын белгиледи.