
.
Кыргызстанда жаңы авиакомпанияларды каттоого жана аларга авиаоператордук күбөлүк берүүгө киргизилген убактылуу тыюу алынды. Бул тууралуу президенттин 16-октябрдагы жарлыгында айтылат.
Документке ылайык, жарандык авиациядагы учуу коопсуздугун көзөмөлдөө жана текшерүү системасын өркүндөтүүгө багытталган чаралар аяктагандыктан, жаңы авиакомпанияларды каттоого жана аларга тиешелүү күбөлүктөрдү берүүгө коюлган мораторий күчүн жоготту.
Жарлык кол коюлган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эске салсак, Кыргызстанда жаңы авиакомпанияларды ачууга убактылуу чектөө 2024-жылдын ноябрь айында киргизилген. Анын негизги максаты өлкөнүн авиациялык системасын чыңдоо, иштин ачык-айкындуулугун жана ишенимдүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле эл аралык талаптарга шайкештигин камсыздоо болгон.
Мораторийдин шарттарына ылайык, президенттин тиешелүү чечими чыкканга чейин жаңы түзүлгөн авиакомпанияларды каттоого жана аларга сертификат берүүгө уруксат берилген эмес. Ошондой эле Министрлер кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигине чет өлкөлөргө каттамдарды аткарган жана учактары Кыргызстандын аэропортторунда бир айдан ашык токтоп турбаган авиакомпаниялардын ишин текшерүү милдети жүктөлгөн.
Маалыматта Кыргызстанда жалпысынан 21 авиакомпания катталганы белгиленген. Алардын ичинен TezJet, Asman Airlines, Avia Traffic Company, Aero Nomad Airlines, Sky Fru, Air KG жана Aerostan компанияларынын лицензиялары күчүндө болгону айтылган.
Ошондой эле учагы кырсыкка кабылган TezJet авиакомпаниясындагы окуя иликтенип, анын лицензиясын жокко чыгаруу чечими кабыл алынганы маалымдалган. Башка компаниялардын лицензиялары мурда эле жокко чыгарылган же убактылуу токтотулган.