
.
Кыргызстандын Ички иштер министрлиги жарандарды банк карталарын үчүнчү жактарга бербөөгө жана башка адамдардын акчасын сый акы үчүн которуудан алыс болууга чакырды.
Ведомствонун маалыматына ылайык, мындай аракеттер жарандардын мыйзамсыз акча жүгүртүүгө байланышкан кылмыштуу схемаларга аралашуусуна алып келиши мүмкүн.
Башка адамдардын акчасын которуу үчүн банк карталарын же эсептерин пайдаланууга берген адамдар «дропперлер» деп аталат. Алар мындай аракеттери үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн.
Ушуга байланыштуу ИИМ жарандарга банк карталарын, эсептерин жана аларга кирүү үчүн керектүү маалыматтарды бөтөн адамдарга бербөөнү эскертти. Ошондой эле оңой акча табууну убада кылган шектүү финансылык сунуштарга макул болбоого чакырды.
Министрлик жеңил акча табуу сунушу олуттуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн экенин эскертип, жарандарды дропперликке аралашпоого үндөдү.