
.
Кыргызстанда алимент төлөбөй жүргөндөрдүн жалпы карызы 6 миллиард сомго чукулдады. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматынын өкүлү Болот Молдобеков билдирди.
Анын маалыматына караганда, алимент өндүрүү боюнча кайрылуулардын саны өсүп, карызды өндүрүү мүмкүн болбой жатканына байланыштуу даттануулар азайган.
2026-жылдын тогуз айында бул багытта Ички иштер министрлигине 1 623 материал жөнөтүлгөн. Анын негизинде 1 408 кылмыш иши козголуп, 982 иш сотко өткөрүлгөн.
Молдобеков белгилегендей, алиментти үч ай бою төлөбөгөн жарандар соттун чечими менен үч суткага чейин камакка алынышы мүмкүн. Ал эми алиментти бир жылдан ашык убакыт төлөбөгөндөргө үч жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.
Ошондой эле карызкор аты-жөнүн өзгөрткөн күндө да, өлкөдөн чыгууга коюлган чектөө күчүндө каларын кошумчалады.