
.
Кыргызстанда миграциялык мыйзамдардын бузулушун аныктоо жана чет өлкөлүк жарандардын мыйзамсыз иштөөсүнө бөгөт коюу максатында «Нелегал» аталышындагы рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, рейддик иш-чаралар 2026-жылдын 1-октябрынан 10-октябрына чейин УКМК жана Ички иштер министрлиги тарабынан биргеликте жүргүзүлгөн.
Анын жыйынтыгында Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 93-беренесине ылайык, жалпы суммасы 2 млн 927 миң сомду түзгөн 75 административдик протокол түзүлгөн.
Мындан тышкары, кодекстин 431-беренеси боюнча жалпы суммасы 10 млн 480 миң сомдук 1 412 протокол толтурулган.
Ошондой эле чет өлкөлүк жумушчу күчүн тарткан кыргызстандыктарга жана юридикалык жактарга миграциялык мыйзамдардын талаптарын сактоо боюнча түшүндүрүү жана алдын алуу иштери жүргүзүлгөн.
Жалпысынан эки берене боюнча 1 487 административдик протокол түзүлүп, айып пулдардын суммасы 13 млн 407 миң сомду түзгөн.