
.
Кыргызстанда Кылмыш полициясынын эл аралык уюмунун (Интерпол) Улуттук борбордук бюросу түзүлдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин 19-октябрдагы №709 токтомунда айтылат.
Документке ылайык, жаңы түзүмдүн негизги максаты — кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө Интерполго мүчө башка мамлекеттердин укук коргоо органдары менен кызматташуунун натыйжалуулугун жогорулатуу.
Бекитилген жобо бюронун укуктук макамын, милдеттерин, функцияларын жана ишин уюштуруу тартибин аныктайт. Ал Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратынын курамына кирип, анын түзүмдүк бөлүгү катары иш алып барат.
Бюронун штатында сегиз кызматкер болот. Алардын бири Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өкүлү экени белгиленген.
Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эске салсак, Интерпол — 1923-жылы түзүлгөн эл аралык кылмыш полициясы уюму. Анын баш кеңсеси Франциянын Лион шаарында жайгашкан. Учурда уюмга 196 мамлекет мүчө.
Кыргызстан Интерполго 1997-жылы кошулган. Уюм аркылуу өлкөнүн укук коргоо органдары эл аралык издөө жарыялап, чет мамлекеттерде кармалган шектүүлөрдү Кыргызстанга кайтаруу боюнча иштерди жүргүзүп келет. Ошондой эле башка өлкөлөрдө издөөдө жүргөн адамдар Кыргызстандын аймагынан кармалса, мыйзамда белгиленген тартипте тиешелүү мамлекеттерге өткөрүлүп берилет.