
.
Түркиянын Конья шаарында футбол күйөрмандары палестиналык балдарды колдоо акциясын өткөрүштү. Иш-чара 30-сентябрда «Коньяспор» менен Палестина курамаларынын беттешинин алдында уюштурулган.
Оюн башталар алдында күйөрмандар стадиондун талаасына жүздөгөн жумшак оюнчуктарды ыргытышты. Алар оюнчуктарды чогултуп, палестиналык балдарга жөнөтүүнү пландашкан.
Мындан тышкары, беттеш Палестинадагы балдарга арналды. Оюндун 10-мүнөтүндө футболчулар оюнду убактылуу токтотушту.
Ушул учурда стадиондун чоң экрандарынан каза болгон палестиналык балдардын ысымдары көрсөтүлдү.
Акция аркылуу күйөрмандар согуштан жабыркаган палестиналык балдарга тилектештигин билдиришкен.