
.
Жогорку Кеңештин 1-октябрдагы жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева салык кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнүн ачыктыгына жана ишенимдүүлүгүнө байланыштуу суроо көтөрдү.
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов салыкчылардын 99 пайызы өз милдетин ишенимдүү аткарып жатканын билдирди.
Буга Сурабалдиева тактоо киргизип, салык тармагында иштеген кызматкерлердин 99 пайызы таза иштейт деп кепилдик бере алабы деген суроо узатты.
Шыкмаматов мындай мааниде айтпаганын белгилеп, салык кызматкерлеринин 99 пайызы таза экенине кепилдик бере албасын айтты.
«Анда сураныч, улуу трибунадан 99 пайыз ишкерлер шылуун деп жамандабаңыз», — деди депутат.
Салык кызматынын башчысы буга жооп берип, өзү айтпаган сөздү ага таңуулап жатканын белгиледи.
«Сиз дагы айтпаган сөздү айтты кылып жатасыз. Мен антип айткан жокмун. Анткени көп адамдар күбө. Эгер ошентип айткан болсом, анда азыр жоопкерчилигин тартайын», — деди Шыкмаматов.
Талаш учурунда Жогорку Кеңеш төрагасынын орун басары Жылдыз Таалайбек кызы салык кызматынын башчысын тартипке чакырды.
Жыйында тараптардын ортосундагы бул талкуу салык кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнө жана ишкерлерге болгон мамилеге байланыштуу суроолордун алкагында өттү.