
.
Кыргызстанга кайтып келген ишкерлерге беш жылга чейин салык каникулу берилиши мүмкүн
Чет өлкөлөрдө иштеп, Кыргызстанга кайтып келген жана бизнесин жаңыдан баштаган ишкерлерге салыктык жеңилдик берүү сунушталууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Бурул Аманова 1-октябрдагы парламент жыйынында билдирди.
Анын айтымында, учурда миграциядан кайтып келген жарандарды колдоого багытталган «Мигрант инвест» аттуу мыйзам долбоору даярдалып жатат. Долбоордо жаңы иш баштаган ишкерлерге белгилүү бир мөөнөткө салык каникулун берүү жана инвестициясынын көлөмүнө жараша жеңилдиктерди караштыруу сунушталууда.
«Сыртта миграцияда жүрүп, Кыргызстанга кайтып келген ишкерлерибизди колдошубуз керек. Аларга салык каникулун берип, салган каражатынын көлөмүнө жараша жеңилдетилген көмөктөрдү көрсөтсөк», — деди депутат.
Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов депутаттын сунушуна жооп берип, каралып жаткан мыйзам долбоорунда Wildberries жана Ozon маркетплейстери аркылуу соода жүргүзгөн сатуучуларды салыктан толук бошотуу каралып жатканын билдирди.
Ошондой эле ал чет өлкөдөн кайтып келген ишкерлерди колдоо үчүн беш жылга чейин салык каникулун берүү мүмкүнчүлүгү каралышы мүмкүн экенин айтты.
Мындан тышкары, депутат Махабат Мавлянова жергиликтүү инвесторлорго түзүлүп жаткан шарттар жетишсиз экенин белгиледи. Анын айтымында, кыргызстандык ишкерлер өз каражатына бизнес ачууга аракет кылганда жер тилкесин алуу маселесинде кыйынчылыктар жаралат. Ошол эле учурда чет элдик инвесторлорго жер берүү жеңилирээк болуп жатканын айтты.
Мавлянова жаңы ачылган ишканалар үчүн электр энергиясы, суу жана башка инфраструктуралык шарттар менен камсыздоо маселеси да толук чечилбей жатканын белгиледи.
Жогорку Кеңеш 1-октябрдагы жыйынында «Салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун биринчи окууда карап жатат.