
.
Кыргызстанда 2026-жылдын жети айында 976 ымыркай чарчап калган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Рахат Жунушбаева 30-сентябрдагы парламент жыйынында билдирди.
Анын айтымында, ымыркайлардын өлүмүнүн негизги себептеринин арасында тубаса оорулар жана жүрөк кемтиги бар.
«Бул жөн гана статистика эмес, миңге жакын үй-бүлөнүн кайгысы. Көпчүлүк балдар тубаса оорулардан жана жүрөк кемтигинен улам чарчап калышкан», — деди депутат.
Жунушбаева акыркы күндөрү Ахунбаев атындагы Жүрөк жана башка органдарды трансплантациялоочу хирургиялык илим-изилдөө борборунда жүрөк кемтиги менен төрөлгөн 33 бала чарчаганын айтты.
Депутаттын маалыматына караганда, клиникага томограф жана ангиограф сыяктуу медициналык жабдуулар алынганы менен, алар таңгакталган бойдон колдонулбай турат. Ошондуктан балдарды башка медициналык мекемелерге алып барып, тиешелүү текшерүүдөн өткөрүүгө туура келип жатканы айтылды.
Ушуга байланыштуу депутат Саламаттык сактоо министрлигин атайын комиссия түзүп, клиникадагы абалды текшерүүгө, ымыркайлардын өлүмүнүн себептерин аныктоого жана медициналык мекеменин жетекчилигинин ишине баа берүүгө чакырды.
Ошондой эле ал Эсеп палатасына ооруканага сатылып алынган медициналык жабдуулар боюнча текшерүү жүргүзүү өтүнүчүн билдирди.
Саламаттык сактоо министрлиги депутаттын бул билдирүүсүнө азырынча комментарий бере элек.
Буга чейин Жүрөк жана башка органдарды трансплантациялоочу хирургиялык илим-изилдөө борборунун кызматкерлери социалдык тармактарда жана айрым маалымат каражаттарында клиникадагы абалга байланыштуу нааразычылыгын билдиришкен. Алар жаңы жетекчи дайындалгандан кийин мекемедеги абал начарлаганын айтып, жүрөк кемтиги менен төрөлгөн 33 ымыркай чарчаганын билдиришкен.
Ал эми Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстанда бир жашка чейинки 666 бала чарчап калган.