
.
Жогорку Кеңештин 1-октябрдагы жыйынында депутат Исманали Жороев маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевге тиешеси бар деп айтылып келген «Барашек» ресторанынын азыркы абалы тууралуу суроо берди.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлү ресторандардын бири сатылганын билдирди.
Анын маалыматына караганда, Бишкектеги «Барашек» рестораны агенттиктин карамагына өткөн эмес. Ал эми Ысык-Көлдөгү филиалы аукцион аркылуу сатылган.
Депутат ресторанды ким сатып алганын тактады. Бирок мамлекеттик агенттиктин өкүлү сатып алуучунун аты-жөнү купуя маалымат экенин айтып, маалымат берген жок.