
.
Кемин районундагы Чым-Коргон психиатриялык ооруканасында канализациядан чыккан саркынды суулар арыкка төгүлүп жатканы аныкталды.
Текшерүү учурунда саркынды суудан лабораториялык анализ жүргүзүү үчүн үлгүлөр алынган. Изилдөөнүн жыйынтыгына жараша окуяга тиешелүү баа берилери айтылды.
Аныкталган мыйзам бузуу боюнча мекемеге административдик чара көрүлүп, 28 миң сом айып пул салынды.
Оорукананын башкы дарыгеринин маалыматына ылайык, көйгөй саркынды сууларды сордуруп чыгарууга жооп берген жабдуулардын иштен чыгышынан улам жаралган. Тактап айтканда, фекалдык насостор менен компрессор иштебей калган.
Маалыматка караганда, фекалдык насостор дээрлик эки жума иштебей турган.
Учурда оорукананын жетекчилиги жабдуулардын ишин калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүп жатат. Компрессор сатып алуу үчүн тендер жарыяланган. Ошондой эле көйгөйдү чечүүнүн башка жолдору да каралууда.