
.
Кыргызстандын аймактарынан келген аял фермерлер үчүн мал чарбачылыгы жана тоют өндүрүү боюнча атайын окутуу өткөрүлдү. Иш-чара 30-сентябрда Кыргыз мал чарба жана жайыттар илимий-изилдөө институтунда уюштурулду.
Окутуу институт тарабынан KOPIA борбору жана Кыргызстан Аялдар Конгресси менен биргеликте өткөрүлгөн.
Иш-чаранын негизги максаты — аял фермерлерге мал чарбачылыгында жана тоют өндүрүүдө колдонулган заманбап, илимий негизделген ыкмалар тууралуу практикалык маалымат берүү жана алардын кесиптик билимин жогорулатуу.
Окутуунун жүрүшүндө институттун окумуштуулары малдын генетикалык сапатын жакшыртуу жана жасалма уруктандыруу, тоют өсүмдүктөрүн өстүрүү жана үрөнчүлүк аянттарын уюштуруу боюнча маалымат беришти.
Мындан тышкары, малды тоюттандырууда аралаш тоют рациону (TMR) системасын колдонуу жана жайылтуу, ошондой эле биотехнология борборунун ишмердүүлүгү тууралуу түшүндүрмө берилди.
Катышуучулар адистерге суроолорун берип, малды туура тоюттандыруу, асыл тукум иштерин жакшыртуу жана илимий жетишкендиктерди фермердик чарбаларда колдонуу боюнча пикир алышты.