
.
Кыргызстанда президенттик шайлоого катышууну каалаган талапкерлер 1 млн сом өлчөмүндө шайлоо күрөөсүн төгүүгө тийиш. Бул талап эмне үчүн киргизилгени тууралуу БШКнын мүчөсү Тимур Оторбаев түшүндүрмө берди.
Анын айтымында, талапкер документтерин Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүүдөн мурда өзүнүн шайлоо фондун түзүп, белгиленген өлчөмдөгү күрөөнү төгүшү керек. БШКнын расмий шайлоо календарында да талапкердин шайлоо фондун түзүп, документтерди бергенге чейин мыйзамда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн 10 миң эселенген өлчөмүндө шайлоо күрөөсүн төгүүсү көрсөтүлгөн.
Оторбаевдин билдирүүсүнө ылайык, бул талап 2026-жылы шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөрдүн негизинде колдонулууда. Күрөө төлөнгөнүн ырастаган документ болбосо, талапкердин документтери кабыл алынбайт.
БШК өкүлү буга чейинки президенттик шайлоолордо талапкер болуу ниетин билдиргендердин саны 30-50гө чейин жеткен учурлар болгонун айтты.
Анын белгилешинче, айрым жарандар шайлоого катышуу ниетин билдиргени менен кийин талапкер катары каттоодон өтпөй калган. Мындай учурда БШКнын аппараты тарабынан белгилүү бир иштер аткарылып, кийин документтерди кароого байланыштуу кошумча процесс жаралган.
Оторбаевдин айтымында, шайлоо күрөөсү боюнча жаңы талап ушундай учурларды азайтып, шайлоо комиссиясынын ишин жөнөкөйлөтүүгө багытталган.