
.
Кыргызстандагы Чым-Коргон жана Кызыл-Жар айылдарында жайгашкан психоневрологиялык мекемелерде оор кылмышка айыпталып, соттун чечими менен мажбурлап психиатриялык дарылоодон өтүп жаткан 160 адам бар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Тилек Мамадалиев 30-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын маалыматына караганда, аталган мекемелерде кылмышка айыпталгандардан тышкары психиатриялык жардамга муктаж башка бейтаптар да дарыланууда.
«Оор кылмышка айыпталып, соттун чечими менен психиатриялык дарылоого жөнөтүлгөн жарандар үчүн Жаза аткаруу кызматы жооп берет. Ал эми алардын медициналык жардам алуусун Саламаттык сактоо министрлиги уюштурат», — деди Мамадалиев.
Министрдин биринчи орун басары бейтаптардын коопсуздугун камсыздоо максатында 200 орунга ылайыкталган жаңы психиатриялык оорукана куруу сунушу берилгенин белгиледи. Анда оор кылмышка айыпталган адамдар өзүнчө дарыланмакчы.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Нурлан Сарчаевдин айтымында, жаңы медициналык мекемени курууга болжол менен 843 млн 919 миң сом керектелет. Каражат Финансы министрлиги тарабынан этап-этабы менен бөлүнүп берилери айтылды.
Долбоор боюнча ооруканада аялдар менен эркектер өзүнчө жайгаштырылат. Мындан тышкары, тергөө абагын уюштуруу да каралган. Мекеменин тышкы коопсуздугун ЖАМК камсыз кылса, бейтаптарды дарылоо иштерин Саламаттык сактоо министрлиги жүргүзөт.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш жаза аткаруу жана саламаттык сактоо тармагына байланыштуу айрым мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнү караган мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды.