
.
Бишкекте Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү диктор Тамара Жаманбаева менен коштошуу зыйнаты өттү.
Маркумду акыркы сапарга узатуу аземи А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында уюштурулду.
Коштошуу аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов баштаган мамлекеттик кызматкерлер, коомдук ишмерлер, кесиптештери, замандаштары, шакирттери жана жакындары катышты.
Белгилей кетсек, кыргыз телевидениесинин алгачкы дикторлорунун бири Тамара Жаманбаева 28-сентябрда узакка созулган оорудан кийин дүйнөдөн кайткан.