
.
Дүйнөгө белгилүү колумбиялык ырчы Шакира 18-октябрда Кыргызстанда концерт берет. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.
Анын маалыматына караганда, ырчы Бишкек Аренада өзүнүн Las Mujeres Ya No Lloran World Tour дүйнөлүк гастролдук туру алкагында өнөрүн тартуулайт.
Туманбаев белгилегендей, бул Шакиранын Борбор Азиядагы алгачкы концерти болот.
Концертке билеттер 1-октябрда саат 09:00дөн тарта @gov.ticket платформасында сатыкка чыгат. Билеттердин баасы 12 миң сомдон 40 миң сомго чейин жетет.
Тактап айтканда, фан-зонага билет 40 миң сом, бий аянтчасына — 27 миң, Skybox үчүн — 30 миң сомду түзөт. Отуруучу орундардын баасы 13,5 миңден 40 миң сомго чейин болот.
Эң арзан билеттин баасы 12 миң сом. Бул орундардан сахна толук көрүнбөй турганы айтылды.
Ал эми VIP-билеттер чектелген санда кийинчерээк сатууга чыгарылат. Алардын баасы азырынча белгисиз.



