
.
Кыргызстанда боорду алмаштыруу операциясынын баасы болжол менен 1,5 млн сомду, ал эми бөйрөк трансплантациясы 1 млн сомдон 1,2 млн сомго чейин жетет. Бул тууралуу АКИpress агенттигине саламаттык сактоо министринин орун басары Нурбек Букуев билдирди.
Анын айтымында, мындай операцияларга болгон муктаждык жогору бойдон калууда.
«Кезек, албетте, көп. Учурда операцияларга даярдык көрүлүп жатат. Октябрдын башында эки операция жасоо пландалууда. Бардык даярдык иштери жолго коюлгандан кийин кезек так аныкталат», — деди Букуев.
Учурда Кыргызстанда органдарды донорлукка берүү учурлары бейтаптардын жакын туугандарынын арасында гана жүргүзүлүп келет.
Ошондуктан өлкөдө органдарды трансплантациялоо негизинен туугандык донорлук жана мамлекеттик каржылоо аркылуу ишке ашууда.
Кыргызстанда бөйрөк алмаштыруу операциялары мамлекеттин эсебинен акысыз жасалат. Каржылоо гемодиализдегидей эле Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ФОМС) аркылуу жүргүзүлөт.
Ал эми боорду трансплантациялоого кеткен чыгымдарды каржылоо механизми азырынча иштелип жатат жана расмий түрдө бекитиле элек.