
.
Президенттин администрациясы кыргыз алфавитин өзгөртүү боюнча мамлекеттик деңгээлде эч кандай чечим кабыл алынбаганын билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, Улуттук илимдер академиясынын айрым окумуштууларынын "э" жана "е" тамгаларына байланыштуу сунуштары алардын жеке пикири болуп саналат.
Президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков мамлекет алфавитти өзгөртүү боюнча демилге көтөрбөгөнүн белгилеп, кыргыз алфавити мурдагыдай эле 36 тамгадан турарын айтты.
Ошондой эле ал мындай сунуштарды көтөрүп жаткан авторлорду коомдук пикирди жана анын мүмкүн болуучу кесепеттерин эске алууга чакырды.
Буга чейин Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы эксперттик топ кыргыз тилинде "э" тамгасын "е" менен алмаштырууну, ал эми "э", "ц", "щ", "ъ", "ь", "ю", "ё", "я" тамгаларын чет тилдерден кирген сөздөрдө гана колдонууну сунуштаган. Бул демилге социалдык тармактарда кызуу талкуу жараткан.