
Кыргызстанда жарандарга өзүнүн кыймылсыз мүлкүнө каттоо аракеттерин жүргүзүүгө өзүнө-өзү тыюу салуу мүмкүнчүлүгүн берүү сунушталууда.
Тиешелүү мыйзам долбоору 15-июнда Жогорку Кеңештин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинде биринчи окууда каралып, колдоо тапты.
Долбоордун демилгечиси депутат Дастан Бекешевдин айтымында, жаңы механизм жарандардын мүлктүк укуктарын алдамчылардан коргоого багытталган. Ага ылайык, кыймылсыз мүлк ээси өз каалоосу менен батирине, үйүнө же андагы үлүшүнө байланыштуу каттоо иштерине убактылуу тыюу сала алат.
Талкуу учурунда депутаттар бул демилге акыркы жылдары көбөйгөн кыймылсыз мүлккө байланышкан алдамчылык фактыларынын алдын алууга жардам берерин белгилешти. Ал эми депутат Токтобүбү Ашимбаева мыйзам долбоорун жетим балдардын мүлктүк укуктарын коргоо механизмдери менен толуктоону сунуштады.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда буга чейин жарандарга «Түндүк» тиркемеси аркылуу өзүнө насыя алууга тыюу салуу мүмкүнчүлүгү берилген. Улуттук банктын маалыматына ылайык, бул кызматты 218 миңден ашуун адам пайдаланган.
Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, быйылкы жылдын алгачкы төрт айында интернет жана телефон алдамчылыгына байланыштуу 4 миңден ашык материал катталып, миңден ашуун кылмыш иши тергелүүдө.