
Кыргызстанда күйүүчү майдын чекене баасы жарыяланды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди.
Ага ылайык, өлкөдө күйүүчү майдын баасы төмөнкү суммадан ашпашы керек:
АИ-92 бензини — 79,8 сомдон 84,4 сомго чейин;
АИ-95 бензини — 88,8 сомдон 89,9 сомго чейин;
дизелдик май — 93,8 сомдон 97,3 сомго чейин;
суюлтулган газ — 45,8 сомдон 48,8 сомго чейин.
Буга чейин бийлик күйүүчү майдын баасына мамлекеттик жөнгө салууну киргизип, жеткирүүчүлөрдү субсидиялоо башталганын жарыялаган. Мамлекеттик органдардын маалыматына ылайык, баага мониторинг жүргүзүү улантылат.