
Бүгүн, 15-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда «75чилердин каты» боюнча кылмыш ишин кароо уланууда.
Соттук отурумга УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев да келди. Бирок ал сот имаратына кирип бара жатып журналисттердин суроолоруна жооп берген жок.
Эске салсак, 11-июнда өткөн отурумда судья жактоочулардын өтүнүчүн канааттандырып, соттук териштирүүнү мындан ары ачык өткөрүү чечимин кабыл алган. Буга чейин иш боюнча отурумдар жабык режимде өтүп келген, анткени Ички иштер министрлиги кылмыш ишине «жашыруун» деген гриф койгон.
«75чилердин каты» боюнча Камчыбек Ташиевге, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна жана экс-депутат Курманкул Зулушевге Кылмыш-жаза кодексинин «Бийликти күч менен басып алуу же кармап туруу» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери боюнча айып коюлган.