
Бул маселеге байланыштуу өз пикирин билдиргендердин арасында мурдагы УТРКнын жетекчиси Илим Карыпбеков да бар.
Ал кайсы блогерлер салыктын оорчулугунан улам мамлекеттик колдоого муктаж болуп жатканын түшүнбөй турганын айткан.
Ал эми дарыгерлер арасында белгилүү болгон Бек Сурап аталган чечимди адилетсиз деп баалап, медицина кызматкерлери татаал шарттарда эмгектенип, салыктарын толук төлөп жатканын белгилеген. Анын пикиринде, айрым көңүл ачуучу контент жаратуучулар бир күндө эле реаниматологдун бир айлык эмгек акысына барабар киреше табышы мүмкүн.
Бул билдирүүлөрдөн кийин социалдык тармактарда таанымал инфлюенсерлердин жарнамалык кызмат көрсөтүүлөрүнүн баалары да талкууга түштү. Жарыяланган маалыматтарга ылайык, популярдуу аккаунттарда бир жарнамалык видеону жайгаштыруунун наркы 2 миң долларга чейин жетери айтылууда.
Социалдык тармак колдонуучулары блогерлерге берилген салыктык жеңилдиктин негиздүүлүгү боюнча түрдүү пикирлерин билдирип жатышат.