
Бишкектин Биринчи май райондук сотунда бүгүн, 15-июнда «75чилердин каты» боюнча кылмыш ишинин ачык соттук отуруму өтүүдө.
Отурумдун жүрүшүндө Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу айыпталуучулар соттук процесстин мүмкүн болушунча тез жана ачык аякташына кызыкдар экенин билдирди.
«Бул ишке тез арада чекит коюлушу керек. Акты ак, караны кара деп баалап берүү коомчулук үчүн да маанилүү», — деди ал.
Соттук жараянга УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев да катышууда. Ал сот имаратына кирип бара жатып журналисттердин суроолоруна жооп берген жок.
Эске салсак, буга чейин иш боюнча соттук отурумдар жабык режимде өтүп келген. Ички иштер министрлиги кылмыш ишине «жашыруун» деген гриф койгон. Бирок 11-июнда айыпталуучулардын жактоочуларынын өтүнүчү канааттандырылып, соттук териштирүүнү ачык өткөрүү чечими кабыл алынган.
Бул иш боюнча Камчыбек Ташиев, Нурланбек Тургунбек уулу жана мурдагы депутат Курманкул Зулушев «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» жана «Бийликти күч менен басып алуу» беренелери боюнча айыпталууда. Алар азырынча эч жакка чыкпоо тил каты менен эркиндикте жүрүшөт.