
2026-жылдын 23-майында Royal Central Park (Hippodrome) аймагында расмий түрдө музыкалуу фонтандардын эксперименталдык кечки шоусу өтөт
Иш-чара Royal Central Park Talent сынагынын жаркын номерлери жана Бишкектин кооз күн батышынын фонундагы акустикалык музыкалык программа менен айкалышып, келечектеги тургундар үчүн өзгөчө эс алуу жана көңүл ачуу атмосферасын тартуулайт. Manas Square – Royal Central Park аянтында келечектеги тургундар, үй-бүлөлөр жана балдар искусство, музыка жана жаркын эмоциялар дүйнөсүнө сүңгүп киришет. Коноктор Бишкектин кооз күн батышына суктанып, жандуу акустикалык обондорду угуп, музыкалуу фонтандардын эксперименталдык шоосун көрө алышат. Ошондой эле гастрономиялык зоналар, оюн аянтчалары жана чыгармачыл мастер-класстар уюштурулат.
Өзгөчө белгилей кетчү жагдай — 23-майдагы эксперименталдык фонтан шоосу Кыргызстандагы эң ири музыкалуу фонтан паркын түзүү долбоорунун башталышы болуп саналат. Парктын расмий ачылышы 2026-жылдын июнь айына пландалган. Мындан тышкары, бардык катышуучулар жалпы байге фонду 260 000 сомго чейинки утуш ойнотууга катыша алышат. Байгелердин катарында iPhone 17 Pro Max, ар кандай тиричилик техникалары жана жалпы баасы 60 000 сом болгон төрт климаттык желдеткич бар.