
Бул тууралуу 22-майда шаар мэри Айбек Жунушалиев билдирди
Бишкек шаарында 1-июлдан тарта автобустарда жол кире толугу менен накталай эмес төлөм системасына өтөт.
Мындай чечим айдоочулардын жол кыймылы учурунда алаксыбоосу жана жол кире баасындагы айырмачылыктарды жоюу максатында кабыл алынган. Ошондой эле мэр накталай эмес төлөм жүргүзүүчү жабдуулар иштебей калган учурда жүргүнчүлөр акысыз жүрүүгө укуктуу экенин белгиледи. Ал бул боюнча жоопкерчилик жабдууну орноткон «Тулпар» компаниясына жүктөлөрүн кошумчалады.