
23-майдан тарта жол эрежелерин бузууга байланышкан токтомдор “Түндүк” тиркемеси аркылуу электрондук түрдө жөнөтүлө баштайт
Маалыматка ылайык, токтомдор мурдагыдай эле кагаз түрүндө да жөнөтүлөт, бирок кошумча түрдө “Түндүк” мобилдик тиркемеси жана мамлекеттик электрондук кызматтар порталы аркылуу да жеткиликтүү болот. Тиркеме аркылуу жарандар токтом менен таанышып, “Тааныштым” же “Таанышкан жокмун” деген баскычтардын бирин тандай алышат. Система документти качан ачып көргөнүн автоматтык түрдө каттайт. Ошондой эле айып пулду онлайн төлөө мүмкүнчүлүгү да бар. Эгер жаран 30 күндүн ичинде электрондук түрдө таанышпаса, токтом почта аркылуу жөнөтүлөт. Мыйзамда белгиленген мөөнөттө төлөгөн учурда жеңилдик автоматтык түрдө колдонулат. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.