
20-майда УКМК кызматкерлери тарабынан Л.Ц. аттуу чет өлкөлүк жаран кармалган
Жасалма медициналык маалым каттарды колдонуу аркылуу чет өлкөлүк жарандардын мыйзамсыз миграциясын уюштурган факт аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы 21-майда билдирди.
Маалыматка ылайык, 20-майда УКМК кызматкерлери тарабынан Л.Ц. аттуу чет өлкөлүк жаран кармалган. Ал Кыргызстандын айрым жарандары жана Бишкек шаарындагы үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, жасалма медициналык маалым каттарды колдонуу менен чет элдик жарандардын мыйзамсыз миграциясын уюштурган деп шектелүүдө. Тинтүү учурунда анын иштеген жеринен чет өлкөлүк жарандардын өлкөдө жүрүүсүнө байланышкан визаларды тариздөө жана узартуу үчүн колдонулган 90дон ашык даяр жасалма медициналык маалым каттар табылган.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда тергөө иштери уланууда.