
Сауд Арабиясы Кыргызстанга 48 тонна 720 килограмм курма түрүндөгү гуманитардык жардам берди
Маалыматка караганда, иш-чарага министрликтин өкүлдөрү, Сауд Арабиясынын Кыргызстандагы элчиси Ияд бин Гази Хаким жана падыша Салмандын гуманитардык жардам жана колдоо борборунун өкүлдөрү катышкан.
Бул гуманитардык жардам карылар үйлөрүнө, балдар үйлөрүнө жана райондук социалдык коргоо башкармалыктары аркылуу социалдык жактан муктаж жарандарга жана үй-бүлөлөргө бөлүштүрүлөт.
Бул тууралуу Эмгек министрлиги маалымдады.