
УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин иши боюнча бүгүн, 21-майда өтө турган сот жыйыны кийинкиге жылдырылды
Адвокат Икрамидин Айткуловдун айтымында, айрым айыпталуучулар иш материалдары менен толук таанышып бүтпөгөнү жана жактоочулардын даттануулары сот жыйынын жылдырууга себеп болгон. Бул күнү “75 адамдын каты” боюнча иш каралмак.
Эске салсак, 18-майда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда өткөн отурумга Камчыбек Ташиев катышкан эмес, ал эми бүгүн келери күтүлгөн. Ишке ИИМ тарабынан “жашыруун” гриф берилген.
Ташиевге “бийликти күч менен басып алуу же кармап туруу” жана “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча айып тагылууда. Ушундай эле айыптар Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу менен экс-депутат Курманкул Зулушевге да коюлган.