
Каза тапкан кыргызстандык аялдын иши өзгөчө көзөмөлгө алынганын Тышкы иштер министрлиги маалымдады
Белгиленгендей, окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн Россиядагы элчиликтин консулу ыкчам түрдө Москва шаардык Тергөө комитетинин башкы тергөө башкармалыгына барган. Ошондой эле элчилик тарабынан укук коргоо органдарына тиешелүү суроо-талаптар жөнөтүлгөн.
Буга чейин чет элдик маалымат каражаттары 33 жаштагы кыргызстандык аялдын сөөгү ал жашаган батирдеги дивандын астынан табылганын жазышкан. Аны өлтүрүүгө шектелип бөлмөлөш мекендеши кармалганы, дагы бир чогуу жашаган кыргызстандык Казакстанга чыгып кеткендиги айтылууда.
Министрлик окуя боюнча кошумча маалыматтар бардык жагдайлар такталгандан кийин берилерин кошумчалады.