
30 күнгө чейин визасыз кире алышат
Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Го Цзякун билдиргендей, Орусиянын кадимки паспорт ээлери Кытайга 30 күнгө чейин визасыз кире алышат. Бул мүмкүнчүлүк иш сапарлар, туризм, туугандарга баруу, алмашуу программалары, расмий эмес сапарлар жана транзит үчүн каралган.
Буга чейин Орусия президенти Владимир Путин визасыз режимди улантуу ниетин билдирип, учурда Кытайда расмий иш сапары менен жүргөнү айтылган.
Белгиленген режимге ылайык, орусиялык туристтер 2025-жылдын 15-сентябрынан тарта Кытайга визасыз бара башташкан. Алгач бул тартип 2026-жылдын 14-сентябрына чейин гана күчүндө болот деп пландалган. Бирок кийинчерээк ал 2027-жылдын аягына чейин узартылганы маалымдалды.