
сүрөт интернет булагынан колдонулду
Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу АКШ жана Израил Иранга кайрадан чабуул жасай турган болсо, анда согуш Жакынкы Чыгыш аймагынан чыгып кетиши мүмкүн экенин эскертти. Бул тууралуу Fars агенттиги маалымдады. Билдирүүдө АКШ жана Израил дүйнөдөгү эң күчтүү жана кымбат армиялардын мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп чабуул жасаса да, Иран өзүнүн бардык күчүн толук ишке киргизбегени белгиленген.
“Эгер кол салуу кайталанса, бул ирет аймактык согуш региондун чегинен чыгып кетет”, — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле Иран эли “согуштук эл” экенин белгилеп, өзүнүн күчүн социалдык тармактар аркылуу эмес, согуш талаасында көрсөтүүгө даяр экенин кошумчалаган.
Буга чейин Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи АКШ аймактагы согушту кайрадан күчөтсө, Тегеран Вашингтон үчүн “бир катар күтүүсүз жагдайларды” даярдап койгонун билдирген.