
Кыргызстан 2027-жылкы U-20 Азия кубогуна тандоо оюндарын өткөрүүчү өлкөлөрдүн бири болду.
АФК U-20 Азия Кубогу 2027-жылкы тандоо турнирин өткөрө турган өлкөлөрдү расмий бекитти. Алардын катарында Кыргыз Республикасы да бар.
Тандоо оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин өтүп, жалпы 44 улуттук курама команда 11 тайпага бөлүнөт. Квалификациялык этап бир нече өлкөдө уюштурулуп, Кыргызстан ошол кабыл алуучу мамлекеттердин бири болду.
Чүчүкулак тартуу 2026-жылдын 28-майында Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында өтүп, анда Кыргызстандын жаштар курама командасынын атаандаштары аныкталат.
Бул ири эл аралык мелдеш Кыргызстанда өткөрүлүшү өлкөнүн футболдук инфраструктурасын жана уюштуруучулук мүмкүнчүлүгүн көрсөтүүчү маанилүү окуя болуп саналат.