
.
Ош шаарында акча алмаштыруучу жайдын ээсин өлтүрүүгө айыпталган адам өмүр бою эркинен ажыратылды. Мындан тышкары, анын мүлкү конфискацияланат. Бул тууралуу Ош шаардык соту билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя быйыл май айында болгон. 38 жаштагы эркек акча алмаштыруучу жайга кирип, ал жерде отурган 35 жаштагы кожоюнду бычак менен бир нече жолу сайган. Жабырлануучу оор жаракаттардан улам жандандыруу бөлүмүндө каза болгон.
Шектүүнү кармоо учурунда ал өз жанын кыюуга аракет кылган. Бирок милиция кызматкерлери ага жол бербей, кармап калышкан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси («Адам өлтүрүү») менен кылмыш иши козголгон.
Белгилүү болгондой, айыпталуучу буга чейин соттолгон жана төрт баласы бар. Ал эми маркумдун артында үч баласы калган.



