
Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүктөрдү жеткирүү пландалууда. Бул маселе Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматында өткөн жумушчу жолугушууда талкууланды.
Жолугушууга кызматтын директорунун орун басары Шухрат Тулендиев, «РУЛОГ» компаниясынын Борбор Азия боюнча камсыздоо директору Умар Арчаков, ветеринардык көзөмөл боюнча адис Зураб Цечоев жана Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын аткаруучу директору Анвар Меделбек уулу катышты.
Талкуунун жүрүшүндө ресторандар үчүн тоок жана уй этинен даярдалган, котлет формасына келтирилген чийки эт азыктарын импорттоо мүмкүнчүлүктөрү каралды. Аталган продукциялар ресторандарга жеткирилип, тамактарды даярдоо процесси ошол жайлардын өзүндө жүргүзүлөрү белгиленди.
Ошондой эле азык-түлүктөрдү ташуу жана сактоо шарттары, транспорт каражаттарына коюлган санитардык талаптар, ветеринардык коштоочу документтерди тариздөө жана зарыл болгон текшерүүлөрдү жүргүзүү маселелери талкууланды.
Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы импорттолуучу продукциялардын коопсуздугуна жана мыйзам талаптарынын сакталышына көзөмөл жүргүзөрүн билдирди.
Белгилей кетсек, маалыматта Burger King жана McDonald’s ресторандарынын Кыргызстанда ачыла турган күнү же жеткирүү башталгандан кийин алардын ишмердүүлүгү качан башталары так көрсөтүлгөн эмес.



