
Бишкекте КМШ өлкөлөрүнөн Кыргызстанга синтетикалык баңгизаттарды ташып келип, сатуу менен алектенген эки эл аралык баңгизат тобунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, УКМКнын тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарында кылмыш үстүндө Кыргызстандын жети жараны кармалган. Алар П.И.Н., С.Э.Э., Т.А.Ж., К.у.С., А.Н.А., А.И.К. жана К.М.К. аттуу жарандар экени маалымдалды.
Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Атайын кызматтын маалыматына караганда, мыйзамсыз жүгүртүүдөн жалпы баасы 3,5 миллион сомдон ашкан синтетикалык «Альфа-PVP» баңгизаты алынган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иштери козголгон.
Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана иштин бардык жагдайларын тактоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.