
Кыргызстанда 27-октябрдан тартып 2026-жылдын үлгүсүндөгү 20 жана 50 сом номиналындагы жаңы банкноттор жүгүртүүгө киргизилет. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Маалыматка ылайык, банкноттор «Борбор-Азия Корголгон Басма Басмаканасы» ЖЧКсы тарабынан даярдалган.
Жаңы банкноттордун дизайнында учурда жүгүртүүдө турган бешинчи сериянын жасалгасы сакталган. Алардын алдыңкы бетинде тарыхый инсандардын портреттери, арткы бетинде тарыхый-маданий объектилер чагылдырылган. Ошондой эле банкноттордун өлчөмү жана түсү өзгөргөн эмес.
Улуттук банк жаңы банкноттор заманбап эл аралык стандарттарга жооп берген коргоо белгилери менен жабдылганын белгиледи. Алардын катарында суу белгиси, коргоо тилкеси, рельефтүү сүрөттөр, көмүскө белгилер жана микротексттер бар.
Ошондой эле банк эски үлгүдөгү банкноттор да төлөм каражаты катары күчүндө каларын эскертти. Кыргызстанда чыгарылган жылына карабастан, улуттук валютанын бардык банкноттору расмий төлөм каражаты болуп саналат жана аларды кабыл алуу милдеттүү.



