
.
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы сууга түшүп кеткен наристени куткарып калган Бекен Асанбековго ыраазычылык кат тапшырды. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, жигит эрдиги жана жарандык активдүү позициясы үчүн сыйланды.
Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда бакчадан чыгып кетип, сууга кулаган наристени өтүп бара жаткан адам куткарып калган видео тараган. Ал баланы байкап калып, артынан сууга түшүп, аман алып чыккан.