
Бишкекте Шаар күнүнө карата Ала-Тоо аянтында концерт жана «Вальс кечеси» фестивалы өттү.
2026-жылдын 29-апрелинде Ала-Тоо аянты Бишкек шаарынын күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Иш-чарага шаар мэри Айбек Джунушалиев, шаардык кеңештин төрагасы Бекжан Усеналиев, мэрдин орун басарлары жана шаардык кызматтардын өкүлдөрү катышты.
Шаар башчысы тургундарды борбор калаанын 148 жылдыгы менен куттуктап, Бишкектин инфраструктурасы, экономикасы жана шаардык чөйрөсү активдүү өнүгүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, акыркы жылдары жаңы объекттер курулуп, транспорт жана коммуналдык тармактар жаңыланып, ири долбоорлор ишке ашырылууда.
Майрамдык программа чыгармачыл жамааттардын концерттик номерлери менен коштолуп, «Вальс кечеси» аттуу масштабдуу фестиваль-конкурс менен уланды. Ага миңге жакын бийчи катышып, аларды симфониялык оркестр коштоду.
Кеченин соңунда белгилүү эстрада ырчыларынын катышуусунда чоң концерт уюштурулду.