
Бишкекте Кыргызстандын табигый жана тарыхый мурасын чагылдырган эл аралык даректүү тасманын бет ачары өтөт.
2026-жылдын 30-апрелинде Бишкек шаарында «Beyond the Silk Road» («Жибек Жолунун төрүнөн») аттуу даректүү кинотасманын расмий бет ачары өтөт.
Бул эл аралык долбоор Кыргызстандын тарыхый, маданий жана табигый мурасын дүйнөлүк аудиторияга таанытууга багытталган. Тасманын дүйнөлүк премьерасы буга чейин Лондон шаарында ийгиликтүү өткөн.
Бишкектеги бет ачар Манас кинотеатры өтүп, кызыл килем, расмий ачылыш аземи жана тасманын жаратуучулары менен жолугушуу уюштурулат.
Тасма Улуу Жибек жолунун маршруттары аркылуу Ысык-Көл, Сары-Челек, Таш-Рабат жана Торугарт ашуусу сыяктуу кооз жерлерди камтыйт.
Иш-чара 30-апрель 2026-жылы саат 18:30да башталат.