
сүрөт интернет булактарынан маалыматтык максатта колдонулду
4–15-май Бишкек шаарындагы Park Hotel мейманканасында саат 09:30да Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан Кыргызстан жаштарынын республикалык конгресси өткөрүлөт.Иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан келген облустук, райондук жана шаардык жаштар кеңештеринин төрагалары, активдүү жаштар жана жаштар саясаты багытындагы өкүлдөр катышат.Конгресстин негизги максаты — жаштарды мамлекеттик жаштар саясатын калыптандыруу жана ишке ашыруу процессине активдүү тартуу, ошондой эле жаштар менен мамлекеттик органдардын ортосундагы кызматташууну чыңдоо болуп саналат.Конгресстин алкагында министрликтин жаштар саясаты багытындагы жүргүзүп жаткан иштери жана келечектеги пландары тууралуу маалымат берилет. Ошондой эле, райондук жана шаардык жаштар кеңештеринин 2026-жылга карата иш-чаралар пландары презентацияланып, жаштар саясатынын актуалдуу багыттары боюнча панелдик талкуулар өткөрүлөт.Панелдик талкуулардын негизги темалары:– Жергиликтүү деңгээлде жаштар саясатын ишке ашыруунун актуалдуу маселелери;– Жаштар кеңештеринин ишмердүүлүгүн өнүктүрүү жана тажрыйба алмашуу;– Жаштардын демилгелерин колдоо жана мамлекеттик органдар менен кызматташуу;– Мамлекеттин жаштарды колдоо механизмдери.Конгресстин жыйынтыгында иштелип чыккан сунуштар тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлүп, кабыл алынган чечимдердин аткарылышына министрлик тарабынан координация жана мониторинг жүргүзүлөт.