
Бишкек шаарында коомдук транспортто ыдык көрсөтүүлөрдүн алдын алуу боюнча маалыматтык-агартуу иштерин күчөтүү темасында тегерек стол өттү.
Иш-чараны «Peshcom» урбанисттик демилгеси, Социалдык технологиялар агенттиги менен биргеликте, Борбордук Азиядагы Роза Люксембург фонду колдоосу менен уюштурду.
Жыйынга Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, депутаттар, мамлекеттик органдар, эл аралык уюмдар, эксперттер жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.
Негизги көңүл аялдар менен кыздардын коомдук транспорттогу коопсуздугун жогорулатуу, алдын алуу механизмдерин күчөтүү жана маалыматтык кампанияларды кеңейтүүгө бурулду.
Катышуучулар ведомстволор аралык кызматташууну жакшыртуу жана шаардык чөйрөнү коопсуз кылуу боюнча сунуштарын ортого салышты.