
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин орун басары Р.К. Балтабаев МЭК САР өкүлү жана Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын «Кант» кластери боюнча жетекчиси Алмазбек Алтыбаев менен жолугушту.
Жолугушууда кант өндүрүшү, ички рынокто сатуу жана экспорттук мүмкүнчүлүктөргө байланыштуу маселелер каралды. Ошондой эле бааларды жөнгө салуу механизмдерине жана рыноктун туруктуулугун камсыздоого өзгөчө көңүл бурулду.
Тараптар кант рыногундагы учурдагы абал туруктуу экенин белгилешип, тармакка таасир этүүчү тобокелчиликтерди талкуулашты. Алардын алдын алуу боюнча мүмкүн болгон чаралар каралды.
Жыйынтыгында катышуучулар кант тармагындагы туруктуулукту сактоо жана азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо үчүн кызматташууну улантууга даяр экенин билдиришти.