
Жайыл районунда адамга оор зыян келтирүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.
Окуя 18-апрелде Жайыл районунун Новониколаев айылында катталган. Жергиликтүү тургун кошунасынын үйүнө кирип барганда, кан болгонун байкап, дароо башка тургундарды чакырып, тез жардам кызматын кабарлаган.
Көп өтпөй ооруканага бычактан жаракат алган 30 жаштагы эркек киши түшкөнү тууралуу милицияга маалымат берилген. Окуя болгон жерге барган ыкчам тергөө тобу жабырлануучу ошол күнү таанышыныкына конокко барганын аныктаган.
Маалыматка ылайык, ал спирт ичимдиктерин ала келип, отуруш учурунда ортодо жаңжал чыккан. Натыйжада тааныш аял бычак менен эркек кишиге бир нече жолу сокку урган.
Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси боюнча катталып, 1996-жылы туулган Х.Г. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланууда.