
2026-жылдын 21-апрелинде Кыргызстандын агартуу министринин орун басары Лира Самыкбаева жана Түндүк ААКнын өкүлдөрү Алматы шаарындагы регионалдык тестирлөө борборуна иш сапары менен барышты.
Иш сапардын алкагында делегация прокторинг системалары, компьютердик тестирлөө инфраструктурасы жана экзамендердин кынтыксыздыгын камсыздоо механизмдери сыяктуу заманбап санариптик чечимдер менен таанышты.
Ошондой эле тестирлөө процессин уюштуруу, идентификациялоо ыкмалары жана жыйынтыктарды талдоодо колдонулган аналитикалык инструменттер тууралуу маалымат берилди. Борбордо өткөрүлүүчү негизги баалоо процедураларынын катарына Бирдиктүү улуттук тестирлөө, мугалимдердин билимин баалоо жана жогорку окуу жайларга тапшыруу үчүн тесттер кирери белгиленди.
Жолугушууда тараптар билимди баалоо системасын өркүндөтүү жана санариптик технологияларды өнүктүрүү боюнча кызматташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.